Жаңылыктар
Жалпы Кыргызстан боюнча бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалпы Кыргызстан боюнча бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынды

Ушул тапта өлкөнүн бардык мектептеринде бүтүрүү экзамендери аяктап калды. 9-класстар 20-июнда, ал эми 11-класстын окуучулары 23 колдоруна күбөлүк, аттестаттарын алышып, билим уясы менен кош айтышат. 

Мурда бул күндү шаан-шөкөт менен белгилеп, бүтүрүү кечелерин өткөрүү адат болчу. 2010-жылдан тарта бул өңдүү иш-чаралардын бардыгына тыюу салынган, бул эреже быйыл да күчүндө.

Бирок, тиешелүү мекемелердин тыюусуна карабай окуучулар шаан шөкөт уюштуруп, мындай окуянын бири күн мурун Ош шаарында катталды. Уркуя Салиева атындагы мектеп-лицейинин бүтүрүүчүлөрү аттестат алганын салтанаттуу белгилөө үчүн «Мерседес-Бенц Гелендваген» үлгүсүндөгү 9 унаа менен шаардын көчөлөрүнө чыгып, коомдук тартипти бузушкан. 40 окуучуга административдик кодекстин автобейбаштык беренесинин негизинде 5 миң сомдон айып пул салынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы кечээтен тарта күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Алардын милдети- шаар көчөлөрүндө ошондой эле аймактарда окуучулар мыйзамсыз бүтүрүү кечелерин уюштуруп, унаалар менен бейбаштык кылса, аларга дароо чара көрүшү керек. Ошондой эле билим берүү министрлигинин ыкчам линиясы иштөөдө, кимде-ким чектен чыккан шаан шөкөт же бүтүрүү кечесине деп кандайдыр бир каражат чогултуулар болсо дароо кабарласа болот.