Жаңылыктар
Балдар адабиятынын бараандуу жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиев
Маданият
Балдар адабиятынын бараандуу жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиев

2018-жылы өлкөдө белгилене турган юбилейлик иш чаралардын тизмесинде Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгы да бар. Ушул тапта өлкө аймагы боюнча жазуучу тууралуу дилбаяндар жазылып, бир катар эскерүү кечелери жана ар тараптуу иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Ак-Талаа районундагы Куртка айылы Кыргыз Республикасынын адабият жана искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Шүкүрбек Бейшеналиевдин киндик каны тамган жери. 

Үй-бүлөдө балдардын жазуучу, тилчи болуп чыгышына апасынын жомокчу болгону көп таасир берген. Анткени агасынын жолун жолдоп Зарылбек Бейшеналиев дагы кыргыз тили жана адабиятынан сабак берип, 40 жыл бою мектепти жетектеп келди.

 Ырасында да кыргыз адабиятын, өзгөчө балдар адабиятын дүйнө элдерине таанытууда Чынгыз Айтматовдон кийин эле экинчи орунда турган бул сүрөткердин көркөм дүйнөсү, буга чейин илимий өңүттөн толук изилдене элек. Шүкүрбек аганын балдарды Ата Мекенди сүйүүгө, эмгекчилдикке, элдик салт-санааны билүүгө тарбиялаган чыгармалары, балдарга дайыма адеп-ахлактык таалим берип келгени 90 жылдык юбилейине карата кеңири белгиленүүдө.

Шүкүрбек Бейшеналиевдин чыгармачылык тагдыры ХХ кылымдагы кыргыз совет адабиятынын өнүгүш тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Ал чыгармачылык чыйырын 40-жылдарда, согуш мезгилинде райондук газетага чакан макала, очерк жазуудан баштап, бара-бара ырларын жарыялаганга жетишкен. 50-жылдардан тарта «Чыныгы достук», «Алкыш», «Кычан» аттуу балдарга арналган прозалык чыгармаларды жаратып, республикалык, союздук окурмандардын көңүлүнөн түнөк таап, сынчылардын назарын бурган эле.