Жаңылыктар
Бурулайдын өлүмүнө шектүү эки айга абакка камалды
Кылмыш
Бурулайдын өлүмүнө шектүү эки айга абакка камалды

Ала качууга туш болуп, кийин Жайыл райондук милициясынын имаратында өлтүрүлгөн 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев соттун чечими менен эки айга абакка камалды. 

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалымдагандай, соттун чечими буга чейин чыккан. Бөдөшев алган жараатына байланыштуу ооруканада жаткандыктан, ошол жерде кайтарылып турган. 

Эске салсак, 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык колледждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качкан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келиндердин укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине койду. 

Президент Сооронбай Жээнбеков бул окуяны иликтеп чыгууну тапшырган. Кызматтык иликтөөдөн соң Чүй облустук милициясынын башчысы баш болгон 20дан ашуун кызматкер иштен алынган.