Жаңылыктар
Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон Борошевдин жеке буюмдары табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон Борошевдин жеке буюмдары табылды

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ош облусунун Алай районунан аттанган жоокер Балтабай Борошевдин 2006-жылы табылган медальону, кемери жана «Өлбөстүккө кадам» медалы анын туугандарына өткөрүлүп берилди. 

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков Москвага болгон жумуш сапарынын алкагында «Обелиск» издөө отрядынын өкүлдөрү менен жолугушкан. 

Алар мамлекет башчыга Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон Балтабай Борошевдин табылган жеке буюмдарын өткөрүп беришкен.