Жаңылыктар
ДЧ-2018: 20-июндагы оюндардын жыйынтыгы
Спорт
ДЧ-2018: 20-июндагы оюндардын жыйынтыгы

21-июнга караган түнү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун В тайпасында беттештер уланды.  "Казань Арена" стадионунда Иран менен Испания курама командаларынын беттеши орун алды. Бул оюнда эки курама тең бирдей оюн жүргүзүшүп, коргонууда мыкты болушту. Бирок испандардын чабуулу курч мүнөздө уланып, 54-мүнөттө Диего Коста гол киргизди. Беттештин калган бөлүгүндө гол катталган жок. Бирок Иран командасы болгон аракетин жумшап, каршы чабуулга чыгып жатышты. Жыйынтыгында Испания курамасы 1:0 жеңишке жетти.

20-июнь түнү Орусиянын Москва шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун В тайпасында беттештер орун алды. Анда "Лужники" стадионунда Португалия менен Марокко курама командаларынын беттеши өттү. Оюнда башкы калыстыны милдетин АКШлык Марк Гейгер аркалады. бул беттеште эки курама тең бирдей оюн жүргүздү. Бирок Португалиянын чабуулчусу Роналду 4-мүнөттө  бурчтан көтөрүлгөн топту дарбазага багыттап Мунир Мохамедиге топту тосууга  мүмкүнчүлүк берген жок. Оюндун калган бөлүгүндө курамалар алмак-салмак  чабуулдарды жасап жатышты. Бирок гол киргизе алышкан жок. Жыйынтыгында  португалия курамасы 1:0 эсебинде Иранды утуп алды. Эске салсак, 1-турда Португалия курамасы Испания менен беттешип 3:3 эсебинде тең чыкса, Марокко Иран менен кез келип 0:1 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун А тайпасында да беттештер орун алды. Анда "Ростов Арена" стадионунда Уругвай менен Сауд Арабия курама командаларынын беттеши болду. Бул оюн Сауд Арабиясы үчүн маанилүү болчу. Анткени беттеште утула турган болушса, анда тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жуумак. Бирок оюн талаасында Уругвай курамасы күчтүүлүк кылып, 1:0 эсебинде утуп алышты. Ошентип А тайпасында Луис Суарестин голу Уругвайга жеңиш алып келди. Уругвай менен Орусия алгачкылардан болуп плей-офф баскычына өтүштү.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алакагында бүгүн Дания-Австралия саат 18:00дө, Франция-Перу 21:00 жана Аргентина-Хорватия беттеши түнкү саат 00:00дө орун алат. Күндүн башкы оюну катары Аргентина-Хорватия курамаларынын беттеши болмокчу. Эгер Месси баштаган Аргентина курамасы бул беттеште утула турган болушса, анда тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп калышы ыктымал. Андыктан курамалардын айыгышкан кармашын көрүүнү унутпаңыз. Бул оюндардын баарын КТРК СПОРТ каналы түз алып көрсөтөт.