Жаңылыктар
Кыргызстан курамасы Тажикстанга жөнөп кетти
Спорт
Кыргызстан курамасы Тажикстанга жөнөп кетти

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы кечээ 27-мартта, Тажикстандын борбору Душанбе шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу "Биринчи радиого" футбол федерациясы билдирди. Маалыматка ылайык, Тамерлан Козубаев, Турсунали Рустамов жана дарбазачы Руслан Амиров курама менен бирге тажик жерине аттанышкан жок.

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин командага 20 футболчуну тандап алган. Алар төмөнкүлөр:

Дарбазачылар: Павел Матяш, Валерий Кашуба.

Коргоочулар: Азамат Байматов, Валерий Кичин, Виктор Майер, Курсан Шератов, Шерзот Шакиров, Дениэл Тего, Эдгар Бернхардт.

Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков, Фархат Мусабеков, Ахлидин Исраилов, Антон Землянухин, Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу, Павел Сидоренко, Мирлан Мурзаев.

Чабуулчулар:

Виталий Люкс, Дэвид Тэтте.

Маалым кыла кетсек, Кыргызстан - Тажикстан  беттеши 29-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.