Жаңылыктар
Арам акчаларды адалдоого каршы күрөш кандай жүрүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Арам акчаларды адалдоого каршы күрөш кандай жүрүүдө?

Арам акчаларды адалдоого каршы күрөш кандай жүрүүдө? Жыйынтык барбы? Болсо, мамлекетке канча каражат түштү? Дал ушундай суроолор менен эл өкүлдөрү 20-июнда парламентте арам акчаларды адалдоо, террорчулукту каржылоого каршы кабыл алынган мыйзамга өзгөртүүлөрдү талкууга алды. 

Акыркы жылдары маселе Борбор Азияда актуалдуу болуп келсе, өлкөдөн бир нече жасалма фирмаларды ачып, 5 миллиард сомдон ашуун каражатты Кыргызстандан чет өлкөгө чыгарып кеткен кылмышкерлердин окуясы али да болсо коомчулуктун эсинде. 

Депутаттар Финансылык чалгындоо кызматына чет өлкөлөрдө, анын ичинде Дубайда элиталык турак жайы бар 13 кыргыз жараны тууралуу иликтөө жүргүзүү маселесин көтөрдү. Мыйзамга дагы эмне өзгөртүүлөр кирет?

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"