Жаңылыктар
Баткен районунда сел жүрүп, унаа жолду каптады
Өзгөчө кырдаал
Баткен районунда сел жүрүп, унаа жолду каптады

Нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Баткен районунда сел жүрүп, суу сайдан ашып, Ак-Татыр айыл аймагынан өткөн унаа жолду каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда жолдон чоң машиналар гана өтүп жатат.

Мындан сырткары Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылындагы Керме-Тоо тилкесинде 15 турак үйдүн жер тилкесин да сел каптады. ӨКМ тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кеткенин белгилеп, кошумча маалымат берилерин айтты.