Жаңылыктар
Борбор калаага ысык суу бериле баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаага ысык суу бериле баштады

Бүгүн, 21-июндан тарта, Бишкекке ысык суу бериле баштады. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, шаарга ысык суу жеткирүү тутумун текшерүү маалында 54 кемчилик табылса, анын 34ү толугу менен оңдолду. 

Алгач ысык суу бала бакча, оорукана сыяктуу социалдык маанилүү объектилерге берилет. Ал эми мурда карызы барлар кутулмайынча ысык суусуз отурууга туура келет. Ошондой эле ысык суу берилерде, суу агып кетпеш үчүн "Аристон" сыяктуу суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп коюу сунушталды.