Жаңылыктар
Жер семирткич жетиштүүбү?
Айыл чарба
Жер семирткич жетиштүүбү?

Кыргызстанга Өзбекстандан 38 миң тонна жер семирткич алынып келди. Анын 150 тоннасы Ош областына жеткирилди. Биринчи вице -премьер министр Аалы Карашев жер семирткичти туура, тегиз бөлүштүрүүнү оз көзөмөлүнө алмай болду. Өкмөт башчынын биринчи орун басары бул тууралуу Кара-Суу районуна барган учурунда билдирди. 

Жер семирткичти Тажикстанга мыйзамсыз сатууга бөгөт коюп,жергиликтүү дыйкандардын керектөөсүнө жумшашыбыз керек деди. Кошумчалай кетсек, андагы аммиак селитрасынын бир килограммы 16 сом 60 тыйын, карбамид 18 сом 80 тыйындан бааланып жатат.