Жаңылыктар
Ордо калаада санитардык көзөмөл кызматы азык-түлүкө атайын текшерүү жүргүздү
Ден соолук
Ордо калаада санитардык көзөмөл кызматы азык-түлүкө атайын текшерүү жүргүздү

Жайкы ысыктан улам, тамак-аш бат бузулуп, адамдын ден соолугуна коркунуч жаратат. Учурда азык-түлүктөн ууланган фактылар көбөйүп кеткендиктен, ордо калаада санитардык көзөмөл кызматы атайын текшерүү иштерин жүргүздү.

Жайкы саратанга карабай, көчөгө туруп алып азык-түлүк саткандар арбын. Тамак-аштан уулануу коркунучу күчөп турган маалдагы мындай көрүнүш, санитардык дарыгерлердин да ишин ого бетер татаалдатат.

Көчөдө туруп тамак саткандардын минтип ызы-чуу түшкөнүнүн деле жөнү бар. Айрымдары жумуштун жоктугун айтышса, кээ бири ушинтип тамак-аш сатып үй-бүлөсүн багат.

Санэпид көзөмөл борборунун кызматкерлеринин айтымында, мунун баарын текшерип, натыйжалуу иш жүргүзүү азырынча мүмкүн эмес. Себеби буга мыйзам да жол бербейт. Канча ирет эскертүүлөр берилип, мыйзам түрүндө чара көрүлгөндө деле көчөдө туруп тамак-аш саткандарга болгону 500 сом айып салынат.

Сыртта аба ырайы 30 градуска чейин ысып жатса да, ачык абада, эч кандай санитардык талаптар сакталбай тамак-аш сатып оокат кылгандар көп эле. Ал ортодо ууланып калуудан коркпой, тез даярдалуучу тама-аш саткан жайларда кезекке тургандар да арбын.

Дарыгерлердин айтымында, тамак-аштан уулануу коркунучу адатта июль-август айларында көбөйүп, сентябрь, октябрь айларында гана көрсөткүч ылдыйлайт. Ошондуктан, саратанда гигиенаны сактап, тамак-ашка астейдил мамиле жасоо керектигин эскертишет.