Жаңылыктар
Улуттук гвардия Кара-Көл шаарында машыгуу өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук гвардия Кара-Көл шаарында машыгуу өткөрдү

Дегеле, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдө Куралдуу күчтөр маанилүү роль ойнойт. Мына ушундай кооптуу абалдын алдын алуу үчүн Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында машыгуулар өтүүдө.

Сценарий боюнча мыйзамсыз куралдаган топ ГЭСтин ичине кирип, суу тосулган аймагын жардырууну көздөгөн. Көрүнүп тургандай, белгисиз унаа менен келген жаран ГЭСтин кайтаруучусуна өзүн борбордук электр станциядан текшерүү үчүн келгенин айтып, станциянын ичине кирүү аракетин көрүүдө. Бирок күзөтчү анын документин талап кылып, текшерүүгө алып баштаган учурда, белгисиз жаран ага бычак уруп, унаа ичинен дагы куралданган топ түшүп, кайтаруучулар менен атышуу орун алып, натыйжада куралчан топ ГЭСтин кире бериш аймагын көзөмөлгө алып, топтун тең жарымы станциянын ичине жөнөп кетет. 

Ал ортодо заматта жетип келген Улуттук гварданиянын атайын багыттагы отряды ГЭСтин кире беришин көзөмөлгө алган куралчандарды жок кылууга киришет.

Машыгууда тоо башында жана суу үстүндө куралчандарга каршы кандай ыкмалар менен кармашуу ыкмалары көрсөтүлдү. Улутук гвардиянын 704-аскер бөлүгүнүн сержанты Бекаман Кошонов ГЭСтин платинасынан түшүп баратып, ошол учурда кантип ок атуу керек экенин мыкты чеберчилик менен көрсөттү.

Соңунда машыгуу учурунда өзгөчө чеберчиликтери менен жогорку даярдыктарын көрсөткөндөр Улуттук гвардиянын кол башчысынын медалдары, громаталары жана башка белектер менен сыйанды. Эске салсак, Кыргыз Респуликасынын Улуттук гвардиясы өлкөдөгү энергетикалык жана башка ар түрдүү стартегиялык маанидеги объектилерди кайтарат.