Жаңылыктар
Кыргызстандагы окуучулар чукул кырдаалда өзүн кантип алып жүрүүнү билишпейт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандагы окуучулар чукул кырдаалда өзүн кантип алып жүрүүнү билишпейт

Мектептердин жана мектепке чейинки мекемелерде дагы коопсуздук сакталышы керек. Айрым уюмдар жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча билим берүүчү мекемелеринин 85 пайызында коопсуздук деңгээли төмөн болуп чыккан.

Кыргызстандын жети дубаны жана Бишкек шаарынан келген бул окуучулар чукул кырдаал жаралганда эвакуациялоо, алгачкы жардам көрсөтүү көндүмдөрүн буга чейин көп ирет өздөштүрүшкөн. Алар өз облустарындагы куткаруу иштериндеги мыктылар. Бүгүн окуучулар ар кандай кырсыктарга каршы тажрыйбаларын иш жүзүндө көрсөтүшүүдө.

Бүгүн балдар чыныгы күтүүсүз кырдаалдарга мүмкүн болушунча жакындатылган шарттарда жасай турган иш-аракеттерди көрсөтүп жатышат. Жаңылууга болбойт. Мындай учурда биринчи жардам тескерисинче адам өмурүнө коркунуч жаратып коюшу ыктымал.

Мындай даярдык балдарга чукул кырдаалдар маалында дүрбөлөңгө түшпөй, туура иш алып барууга багыттайт. Эң башкысы - табият кырсыктарына каршы турууга, кырсыкка кабылган адамга дарыгерлер келгенге чейинки биринчи жардам көрсөтүү боюнча окуучулардын билимин, даярдыгын күчөтүү максаты коюлган.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен мыктылар да аныкталды. Биринчиликке Бишкек шаарынын окуучулары, экинчи жана үчүнчү орундарды Ош жана Жалал-Абад шаарынан келгендер ээледи. Ошентип, Кыргызстандын мектеп окуучулары табият кырсыктарында өзүн туура алып жүрүү, алгачкы жардам көрсөтүү аракеттерин жогорку деңгээлде көрсөтүп беришти.