Жаңылыктар
Санариптик мамлекетти курууга эмне тоскоол болуп жатат?
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптик мамлекетти курууга эмне тоскоол болуп жатат?

Санариптик трансформация, анын ичинен электрондук башкарууга өтүү багытын камтыган Түндүк программасы, "Коопсуз шаар" долбоорун толук ишке ашыруу тездетилиши керек. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мекеме жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирди. Өлкө башчысы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө адамдардын бири-бири менен байланышы дагы деле үзүлбөй, бул өз кезегинде коррупциялык көрүнүштөргө жол ачып жатканын белгиледи. Санариптик мамлекетти курууга эмне тоскоол болуп жатат?

Санариптик трансформация- бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук ыкмага өткөрүп, анын арты менен жарандарга жеңилдетилген шарттарды түзүп берүү, ишкерликти ачык айкын жүргүзүп, мына ушул тармактарда коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу. Буга чейин өлкө башчысынын жарлыгы менен атайын эксперттик кеңеш түзүлүп, ага маалыматтык- коммуникациялык багыттагы бардык укуктук нормативдик актыларга талдоо жүргүзүү жумушу жүктөлгөн.

Андыктан электрондук башкарууга өтүү - коррупцияга каршы күрөштүн башкы компоненттеринин бири деп белгиледи президент. Мында өлкө башчы тиешелүү мамлекеттик органдардын жана кызматкерлердин жоопкерчилиги жогору болушу керектигин, эгер жүктөлгөн милдет аткарылбаса чара көрүлүшүн талап кылды.

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Бороновдун айтымында, буга чейин өкмөт мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн 22 түрүн ишке киргизген. Ал паспорт, туулгандыгы, никелешүү тууралуу күбөлүктөрдөн тартып, бир катар документтерди, жарандардын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү боюнча маалыматтарды берүү тартиптерин камтыган. Бул кызматтан азыркы күндө 200 миңден ашык жаран пайдаланган.

Бирок бул жумуштар жетишсиз. Президент электрондук башкаруу тутуму аркылуу ар бир аткаминер кандай иш менен алек болуп жатканына көз салып, билип тууру керек деген пикирин билдирди. Санариптик өлкө куруу иштерине азырынча карапайым калктын ичи чыга элек.

Мындан 6-7 жыл мурун башталган "Коопсуз шаар" долбоору да азыркы учурга чейин соңуна чыга элек. Дегеле санариптик трансформациялоого багытталган бардык маселелер өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө турат жана аны ишке ашыруу боюнча талаптар катуу болоорун айтты.

Коопсуз шаар демекчи өкмөт бул долбоорду быйыл күздөн калтырбай ишке киргизүү ниетинде турат.

Президент өлкөдө санариптик трансформация маселесин алдыга жылдыруу боюнча тез жана натыйжалуу жыйынтыктар керек деп белгиледи. Жана ар бир жасалган иште мамлекеттик кызыкчылык биринчи орунда турушу зарыл.

Санариптик трансформация маселеси боюнча өлкө башчы бул өңдүү жыйындарды маал-маалы менен өткөрүп, маалымат алып турмакчы. Ал эми жакын арада аткарыла турган иштердин катарына санариптик мамлекетке ийгиликтүү өтүү максатында калктын, мамлекеттик органдардын көнүп кетүү жөндөмүн өнүктүрүү маселеси да негизгилерден болуп киргизилди.