Жаңылыктар
Коррупцияга каршы күрөштөн келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачылат
Экономика
Коррупцияга каршы күрөштөн келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачылат

Электрондук башкарууга өтүү менен коррупциянын деңгээли төмөндөйт деген ишеним бар. Эми мына ушул коррупцияга каршы күрөштөн келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачылат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчалай каражаттарды топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жөнүндө токтомго кол койду. 

Документке ылайык, эсеп казыналык тутумда акчалай каражаттарды эсепке алуу жана топтоо үчүн ачылат. Жаңы жол-жобого жараша, мамлекетке келтирилген зыянды кайтаруудан түшкөн каражаттар атайын эсепте топтолуп, Өкмөттүн чечиминин негизинде гана бөлүштүрүлөт.