Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал жана Нарын райондорунун жайыттарын чегиртке каптап кеткендиктен, өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди. Облустагы 42 миң гектардан ашык айдоо аянты менен жайытты чегирткелерден жана зыяндуу курт-кумурскалардан арылтуу аракети арбыды.
Нарын облусунун жайыт жерлерин кара чегиртке басты. Эгин жаңыдан баш алганда эмитен мындай кара чегирткенин көп болушу дыйкандарды бушайманга салууда.
Азыр жер жайнаган чегирткелерди жок кылуу максатындагы жумуштар күчөдү. Ишти өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаменти айыл чарба башкармалыгы менен чогуу алып барууда. Мындай жагдай облустун Жумгал жана Нарындын батыш тарабындагы айылдарда да орун алып, көбөйүп жаткандыгы байкалууда.
Андан бери өлкө боюнча 142 миң гектар жердеги чегиртке каптай турган тилкеси аныкталып, анын бүгүнкү күндө дарылап жетишпей калган 22 миң гектар жеринде чегиртке көбөйүп жатат. Андыктан жаңыдан гана баш алган эгиндерди зыянкечтерден сактап калуу максатында аймакка өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди.
Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, анын 95 пайызын тоолор ээлейт. Калган беш гана пайызы айыл чарба багытындагы жерлер. Ошондуктан, кылкандуу дан эгиндер айдалган аянттардагы зыянкечтерге каршы күрөшүүнү эбак эле алдын алуу керек эле, - деген пикирлерин айыл чарба адистери айтууда.