Жаңылыктар
Улуу Ата Мекендик согуштун башталган маалына 77 жыл болду
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Ата Мекендик согуштун башталган маалына 77 жыл болду

Улуу Ата Мекендик согуш 1418 күн уланган. Согушта Советтер союзу 27 миллион адамын жоготкон. Булардын арасында бир канчасы дайынсыз жоголгон. Орусиянын “Обелиск” издөө отряды тарабынан табылган кыргыз жоокерине таандык жеке буюмдар Ош облусунун 78 жаштагы жашоочусунун кусалыгын басты. 

Кандуу калаба башталган жылы Касымбай Жолдошов 7-класстын окуучусу болгон. 1943-жылдын январынан 1945-жылдын майына чейин, Ыраакы Чыгышта кызмат өтөгөн. 93 жаштагы карыянын былтыр, “Өксүктө өткөн өмүрлөр” аттуу китеби жарык көрдү. Мында, жоокердин баштан өткөргөн ошол апаат күндөрү камтылган. Китеп, согушта курман болгон айылдашы -Жапар менен, дайынсыз кеткен акыреттик досу -Айдарга арналат. Айдардын курун карыя дээрлик 70 жылдан кийин, дайынсыз кеткен агасын күтүп жүргөн карындашына өткөрүп берген.

1942-жылы Борош абанын үч бирдей уулуна аскерге чакыруу каты келет. “Эл-жер, мекен үчүн”,- деп, бир туугандар: Шаман, Тешебай, Балтабай Борошовдор согуш талаасына аттанат. Балтабайдын артында жалгыз уулу калган. Атасынын кайтпас сапарга аттанып жатканын ал учурда эки гана жашта болгон Жээнбай сезбесе керек.

Көп жылдык изденүүсүнүн акыбети кайтып, 2006-жылы атасы туурасында Москвадагы “Обелиск” издөө отряды тарабынан маалыматтар чыга баштайт. Анын сөөгү Смоленск облусунан табылып, Эскерүү талаасына кайрадан коюлат. Жанынан табылган буюмдарды издөөчүлөр, 14-июнда Москвага иш-сапары менен барган Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековго тапшырган.

Мындай эмгектин аркасы менен буга чейин белгисиз болуп келген көптөгөн жоокерлердин ысымдары түбөлүккө сакталаарын белгилеген мамлекет башчысы, издөөчүлөргө ыраазычылыгын билдирип, курман болгон мекендештин буюмдары туугандарына өткөрүлүп берилээрин айткан.

Президенттин аманатын өкмөттүн Оштогу өкүлү менен “Биздин Жеңиш” коомдук кыймылынын жетекчиси алып келди. Тарыхый окуяга айылдаштары, жакындары , маркум жоокердин көрбөй, эркелетпей калган урпактары күбө болду.

Көзгө жөнөкөй бул буюмдар- 78 жаштагы карыянын 2 жашынан тартып, бөксөсү толбой келген атасына болгон кусалыгын басты. Эми карыя, буга үй музей ачууну ниеттенүүдө. Муну менен, жоокердин мындан аркы- экинчи өмүрү жашайт. Жээнбай Балтабаевдин бул аракети анын аталаш инисине Осмон Шаманов сыяктуу согуш жылдары жакынынан айрылган жарандардын үмүт отун жандырды.

Бул үчүн көп деле эмгек талап кылынбайт. Дайынсыз кеткен жарандын аты-жөнү, туулган жылы туурасында гана так маалымат керектелет. Издеп жаткан тарап, байланышуу үчүн жашаган дареги менен телефон номурун бергенди эстен чыгарбоосу абзел.

Москвадагы “Обелиск” издөө отряды - коомдук уюм катары таанылган. Башкы максаты - Улуу Ата Мекендик согуш жылдары курман болгон Мекенди коргоочулардын элесин түбөлүккө сактоо, жаш муунга патриоттук тарбия берүү.