Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясы жекшемби күнү жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун болжолдуу жыйынтыгын чыгарды. БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун айтымында, шайлоонун так жыйынтыгы 2-3 күндөн кийин белгилүү болот. 

Өлкөнүн Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Кемин, Майлуу-Суу шаарларында жана 22 айыл аймактарында жергиликтүү кеңешке шайлоо болду. Шайлоого 271 миң кыргызстандык катышты. Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоого - “Табылга”, КСДП, “Кыргызстан”, “Республика Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Замандаш”, “Партия справедливости и развития”, “Улуу Кыргызстан” "Мекеним Кыргызстан" жана “Бир Бол” партиялары катышты. 

Акыркы жыйынтык бир нече күндөн кийин белгилүү болот. Мыйзам боюнча 7%  босогодон өткөн партияларга гана жергиликтүү кеңештен мандат берилет. Алар өз кезегинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлайт деп сөзүн жыйынтыктады Абдраимов.