Жаңылыктар
Абитуриенттерди ЖОЖго кабыл алуу 9-июлда башталат
Билим
Абитуриенттерди ЖОЖго  кабыл алуу 9-июлда башталат

Жогорку окуу жайлары 9-июлдан тарта абитуриенттерди кабыл алууну баштайт. Учурда жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллынан өткөндөр үчүн ЖОЖдордо кеңеш берүү өтүүдө. 

Билим берүү министрлигинин маалыматында, быйыл 45 607 бүтүрүүчү тест тапшырды. Анын 26 180и босого баллы болгон 110 упайдан жогору жыйынтыкка жетишти. 59 бүтүрүүчү алтын тастыктамага ээ болду. 

Жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо жыйынтыгы 119,4 упай болгон. Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кирүү баллы 110дон жогору гана окуучулар тапшыра алышат.