Жаңылыктар
ДЧ-2018: 24-июндагы оюндардын жыйынтыгы
Спорт
ДЧ-2018: 24-июндагы оюндардын жыйынтыгы

25-июнга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Польша-Колумбия беттеши орун алды. Аталган оюн "H" тайпасынын алкагында өтүп, 2-турдун жыйынтыктоочу беттеши болду. Оюнда башкы калыстын милдетин мексикалык Сесар Рамос Паласуэлос аркалады. Беттеш жогорку чыңалууда өтүп, Колумбия-Польшаны 3:0 эсебинде утту. Голдорду Йерри Мина, Радамель Фалькао жана Хуан Куадрадо киргизди."Н" тайпасында дагы бир оюн орун алды. "Екатеринбург Арена" стадионунда Япония-Сенегал беттешип, 2:2 эсебинде жыйнтыкталды. Бул тайпада башкы сапка Япония, экинчиде Сенегал жазылды. Анын соңунда Колумбия жана Польша болду. Бирок тайпадан кимиси чыгаары азырынча белгисиз. 3- турдун жыйынтыгы менен булардын кимиси кийинк турга чыгаару белгилүү болот."G" тайпасында Англия-Панама курамаларынын беттеши орун алды. Бул оюн голдорго бай болду. Алгачкы 8-мүнөттө Жон Стоун гол киргизип, Англия курамасын алдыга чыгарды. Андан көп өтпөй, Панаманын дарбазасына пенальти берилди. Аны Рубен Лофтус-Чик ишке ашырды. 36-мүнөттө Джесси Лингард гол жаратты. Андан кем келишпаган Джон Стоун экинчи топту панамалыктардын дарбазасына кадады.1-таймдын акыркы мүнөттөрүндө англиялыктар дагы бир гол киргизишти. Аны Гарри Кейн пенальтиден ишке ашырды. Беттештин 2-бөлүгүндө, Гарри Кейн экинчи голду эсебине жазды. Ал эми Панама курамасы Англиялыктардын дарбазасына 78-мүнөттө Фелипе Балой топту киргизе алды. Ошентип 90 мүнөт өтүп, калыстын ышкырыгы жаңырды. Англия 6:1 эсебинде Панаманы утту.