Жаңылыктар
“Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү бекетинде кошумча кабиналар коюлуп жатат
Чек ара
“Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү бекетинде кошумча кабиналар коюлуп жатат

Кайтаарында айылдаштарынын бирин-экин оор жүгүн алып өткөнгө жардам берет. Минтип, кол күчү менен акча тапкандар бул жайдагы кезек күткөндөрдүн дээрлик 60 пайызын түзөт. Адыл Абдыганиев, тапшырык аркылуу бекеттен күнүнө кеминде 2 жолудан өтөт. Бул үчүн күнүнө 100 миң сум пайда табат.

Бир эле жарандын бекеттен 2 айрым учурда 3төн кесип өткөнгө үлгүрүшүнүн да себеби бар. Өткөрүү жайынын жанына турмуш-тиричилик буюмдарын чекене жана дүң баада саткан чакан базар пайда болду.

Дал ушул жүк ташыгандар менен жүгү жоктор үчүн чек ара кызматы жаңы тартип киргизген. Жашыл коридор жүгү жокторго, кызыл алкак бизнес менен алектенген жарандарга каралган. Жашыл өтмөк көпчүлүк учуда бош турат. Мындай көңүл көтөргөн кызматташууну дагы да артыруу, бекемдөө максатында чек ара көзөмөл өткөрүү жайы кошумча тейлөө терезелерин ачкан. Сентябрь айына чейин аталган бекетте 6 гана бөлүм иштеп келсе, тогуз айдын ичинде кошумча 15 паспорт текшерүү бөлүмү ишке кирген. Азыркы тапта иштеп жаткан 21 бөлүмгө кошумча июнь айынын соңуна чейин дагы 8 бөлүм менен толукталаары күтүлүп жатат.