Жаңылыктар
Кыргызстан эл аралык булактан алтындын үлүшүн көбөйтүп жатат
Экономика
Кыргызстан эл аралык булактан алтындын үлүшүн көбөйтүп жатат

Берүүнүн кийинки түрмөгү экономикалык кабарлардан болмокчу. Валюта баасынын өзгөрүп кетүүсүнөн сактануу үчүн Кыргызстан эл аралык булактан алтындын үлүшүн көбөйтүп жатат. Анткени дүйнөдөгү улуу державалар арасында эми гана экономикасы телчигип келе жаткан кичинекей өлкөнүн экономикалык туруктуулугуна таасир этпеши керек.4-кам: Бул тууралуу маалыматты эл аралык "Bloomberg" каржы порталы жарыялады.

Кыргызстан дүйнөлүк каржы системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Демек, Кыргызстан башка мамлекеттер менен көзгө көрүнбөгөн экономикалык жипчелер менен байланышкан дегенди түшүндүрөт. Бардык эле өлкөлөрдүн туруктуулугун аныктоо үчүн көбүнчө экономикалык көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналган алтын валюталык кор же булактын деңгээли эсепке алынат.

Акыркы жылдары дүйнөлүк каржы кризисинин натыйжасына туруштук берүү максатында Улуттук банк эл аралык корду ички булактар аркылуу толуктоо боюнча чараларды жүргүзүүдө, тактап айтканда ички рынокто алтынды улуттук валютага сатып алууну жүргүзүүдө. Анын негизинде Улуттук банктын эл аралык корунун тутумундагы алтындын өлчөмү өсүүдө. Эл аралык булактагы валюталык портфель АКШ долларынан, евродон, швейцария франкынан, англия фунтунан, канада, австралия жана сингапур долларларынан, китай юаны менен орус рублинен турат.

Улуттук банктын төрагасы белгилегендей, бул көрсөткүч ушуну менен токтоп калбашы керек. Эл аралык кам же булактар өлкөнүн каржылык абалынын туруктуулугу үчүн эң маанилүү экендигин белгилесек болот. Ошондой эле эл аралык кор өлкөнүн экономикалык муктаждыгына жооп берүүсү үчүн керектүү деңгээлде колдоого алынып турушу зарыл.