Жаңылыктар
Өлкө аймагында сууга чөккөндөрдүн саны көбөйүүдө
Кырсык
Өлкө аймагында сууга  чөккөндөрдүн саны көбөйүүдө

Күндүн ысышы менен өлкө аймагында сууга чөккөндөрдүн саны көбөйдү. Акыркы бир ай ичинде 10 окуя катталып, анын басымдуу бөлүгү өспүрүмдөрдүн катышы менен болду.  

Адистердин айтуусунда, сууга түшүү сезону башталгандан тарта балдардын сууга чөгүүсү көп катталат. Бул көрүнүшкө ата-энелердин кайдыгерлиги себеп болот дешет. Мындан улам  көлмөлөргө түшкөндө эрежелерди сактап, тыюу салынган жерлерге сууга түшүүдөн карманууга чакырат.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Айсулуу Гайбулла кызы, "Биринчи радио"