Жаңылыктар
К. Кулматовдун абактагы мөөнөтү узартылды
Кыргызстан жаңылыктары
К. Кулматовдун абактагы мөөнөтү узартылды

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун абактагы мөөнөтү узартылып, 28-августка чейин камакта калды. Мындай чечимди кечээ, 25-июнда шаардын Биринчи май райондук соту чыгарды. Маалымдалгандай, мурдагы мэрдин абактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн тергөө органдары келтирген. 

Буга чейин КСДП партиясы УКМКнын тергөө абагына камакка алынган Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду камакка алуу боюнча райондук, шаардык соттун чечимдерин жокко чыгаруу боюнча Жогорку сотко арыз жолдонгонун билдирген. 

Кубанычбек Кулматовго Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өткөн айда айып тагылган. Ал "2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда ЖЭБди жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясы берген 2 млн долларлык грантты мыйзамсыз иштеткен" деп айыпталып жатат. 

Бул иш боюнча алгач экс-мэрдин үйү тинтилип, ал 5-июнда камакка алынган. Ал азыр УКМКнын тергөө абагында отурат.