Жаңылыктар
ДЧ-2018: 25-июндагы оюндардын жыйынтыгы
Спорт
ДЧ-2018: 25-июндагы оюндардын жыйынтыгы

Россия 0:3 Уругвай. 25-июнда Орусияда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 3-туру старт алды. Анда "А" тайпасынын алкагында Уругвай-Орусия беттеши болду. Бул оюнга Уругвай курамасынан Хосе Мария Хименес жаракат алгандан улам катышпай калды. Ал эми Орусия курамасында бардык негизги оюнчулары талаа үстүнө чыгышты. Беттештин алгачкы эле 10-мүнөтүндө Луис Суарес айып соккусун тебүүдө гол киргизди. Ал эми андан көп өтпөй Эдинсон Каванинин тепкен тобу Денис Черышевдин бутуна тийип, автогол жаралды. Россия курамасы Уругвайдын дарбазасына бир нече кооптуу делген чабуул уюштурушканы менен, гол киргизе алышкан жок. Ал эми уругвайлык чабуулчу Кавани 90-мүнөттө экинчи голун киргизип, эсепти 3:0гө айландырды. Ошентип "А" тайпасында 9 упай топтогон Уругвай 1-орун менен кийинки баскычка өттү. Алардын атаандашы Португалия болмокчу. Ал эми экинчини ээлеген Россия командасы 1/8 финалда Испания менен кез келет.Португалия 1-1 Иран. Футбол боюнча Португалия-Иранды жеңе албай, В тайпада 2-орунду ээледи. Бул беттеш жогорку темпте өтүп, бүйүрдү кызытты. Анткени утулган курама мелдештин кийинки баскычына чыкпай калмак.

Эки команда тең коргонууга көңүл буруп, ката кетирбей ойногонго аракет кылып жатышты. Беттештин 45-мүнөтүндө Куарежма гол киргизди. 90-мүнөттө португалдардын коргоочусу эреже бузуп, пенальти орун алды. Аны Иран тараптан Карим Ансарифард ишке ашырды. Топко көбүрөөк Португалия курамасы ээлик кылды. Чабуулдардын саны боюнча да бул команда алдыда болду. Ирандыктар контр-чабуулдар жана эреже бузуу менен жооп кайтарышты. Ошентип Португалия "В" тайпасында 2-орунду ээлеп, плей-оффто Уругвай менен бетешмекчи.

Испания 2-2 Марокко. “В” тайпасында жайгашкан, Испания-Марокко курамаларынын оюну жогорку чыңалууда болуп, испандар аз жерден утулуп кала жаздашты. Марокколук оюнчу 14-мүнөттө испандардын дарбазасына топту кадап, эсепти ачкан. Андан 5 мүнөт өтпөй Иско бул голго жооп кайтарып, эсепти теңеди. Ал эми 2-таймдын 81-мүнөтүндө Юссеф Эн-Несири гол жаратып, Марокко курамасын алдыга чыгарды. Бирок бул жеңишти алар кармап кала алышкан жок. Мелдештин акыркы секундаларында Даниэль Карвахальдын узаткан тобун Яго Аспас марокколуктардын дарбазасына киргизди. Ошентип эсеп 2:2 болуп, испандар тайпадан биринчи орун менен1/8 финалга жолдомо алышты.

Сауд Аравия 2-1 Египет. "А" тайпасында Сауд Аравия-Египет командасын 2:1 эсебинде жеңип алды. Бирок бул оюн эч нерсени чечмек эмес. Анткени булардын тайпасынан Россия жана Уругвай курамалары жетиштүү упай топтоп, 1/8 финалга чыкканга жолдомо алышкан.