Жаңылыктар
Айдоочу рулду башкара албай Чычкан суусуна түшүп кетти
Кырсык
Айдоочу рулду башкара албай Чычкан суусуна түшүп кетти

Бүгүн таңкы саат алтылар чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Бишкек - Ош унаа жолунун 264-чакырымындагы Өрүктүү тилкесинде Хонда Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан суусуна түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, унаанын ичинде 8 жүргүнчүнүн алтоо Токтогул райондук ооруканасына жолдон өтүп бара жаткан унаалардын айдоочулары тарабынан жеткирилди. 

Чычкан дарыясына түшүп кеткен унаанын суудан чыгарганда 1 адамдын жансыз денеси унаанын ичинен табылды. Учурда дагы бир жүргүнчү дайынсыз болууда.