Жаңылыктар
Баткенде адамдардын кан басымын текшерүү боюнча акция башталды
Ден соолук
Баткенде адамдардын кан басымын текшерүү боюнча акция башталды

Баткенде 26-27-июнь күндөрү адамдардын кан басымын жана ашыкча салмакты текшерүү боюнча акция өтөт. Бул тууралуу Баткен облустук үй-бүлөлүк медициналык борборунан билдирди.

Маалым болгондой, акцияга ден соолугуна кам көрүүнү каалаган бардык адамдар катышып, медициналык кеңеш ала алышат. Иш-чара гипертониялык оорулардын жана тамеки чегүүну азайтуу максатында уюштурулду. Текшерүүлөр заманбап жабдыктарды жардамы менен жүргүзүлөт.