Жаңылыктар
Акыркы суткада өлкө аймагында 15 өрт чыкты
Кырсык
Акыркы суткада өлкө аймагында 15 өрт чыкты

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 15 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди бүгүн, 26-июнда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Чүйдөгү Кара-Балта шаарынын Садовая көчөсүнүн №97 дарегиндеги аянты 600 чарчы метр барак тибиндеги турак үй толугу менен өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себептерден улам Ысык-Көлдөгү Каракол шаарынын Гагарин менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде 200 чарчы мерт аянттагы куураган чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.