Жаңылыктар
Келечекте боло турган шайлоолордо добуш берүү процесстери жаңыланат
Кыргызстан жаңылыктары
Келечекте боло турган шайлоолордо добуш берүү процесстери жаңыланат

Кыргызстанда алдыдагы жылдары боло турган добуш берүү жараяндары жаңыланган жана өркүндөтүлгөн эреже тартиптер менен өтүшү керек. Бул тууралуу 2018-2020-жылдарга карата шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы боюнча өткөн коомдук талкууда айтылды. 

Жумушчу топ мурунку шайлоолордо кеткен кемчиликтер, добуш берүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүү боюнча бир катар сунуштамаларды иштеп чыккан.

Өлкөдө өткөн шайлоо өнөктүктөрү акыркы үч төр жылда чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду. Биометриканын негизинде, электрондук добуш берүү ыкмасы-эгемендик алгандан берки көп көйгөйдү жокко чыгарды. Добуштарды саноо, талапкерлерге тең мүмкүнчүлүк түзүү, ошондой эле шайлоочулардын укугун коргоого көп аракеттер көрүлдү.

Шайлоо мыйзамдары түп тамырынан өзгөрбөйт. Биометрика, электрондук добуш берүү, эсептөө ыкмалары өлкөнүн шайлоо системасына төп келет. Маселе - көндүм болуп калган шайлоочулардын добушун сатып алуу, добуш берүү күнү “айланкөчөк” уюштуруу, үгүт кампаниясынын ыпылас жүрүшү сыяктуу көйгөйлөргө келип такалууда. Мындан сырткары талапкерлерге жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарына талапты күчөтүү максат болууда.