Жаңылыктар
Мамлекеттик салык кызматында жүрүп жаткан реформанын алгачкы жемиштери
Экономика
Мамлекеттик салык кызматында жүрүп жаткан реформанын алгачкы жемиштери

Мамлекеттик салык кызматы текшерүүнүн жыйынтыгында жашыруун салыктын эсебинен бюджетке дагы кошумча 20 миллиард сомго жакын каражат топтоду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. 

Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 жарым миллиард сомго көп. Эксперттер белгилегендей бул салык кызматында жүрүп жаткан реформанын алгачкы жемиштери.

Эмне себептен ишкерлер кирешелерин жаап жашырып, көмүскөдө иштөөнү туура көрөт. Экономика тармагы боюнча талдоочу Сергей Пономаревдин айтымында эсеп-кысап отчёттору татаал, салык төгүмдөрү боюнча түшүнбөстүктөр кездешет. Баары эле кандай документке кол коюп жатканын билбейт. Мындан улам талдоочу салык системасын жөнөкөйлөштүрүү же либералдаштыруу зарыл деп эсептейт. Ошондой болгондо мамлекет да, бизнес да жада калса жөнөкөй жарандар да пайда көрөт.

Ошенткен менен эксперттердин пикиринде Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстанда салык тутуму жөнөкөйлөштүрүлгөн.

Ошенткен менен салык тутумун өркүндөтүү ашыкча болбойт. Себеби рейтингде Кыргызстандын аймагы чакан жана салыштырмалуу байлыктары да анча көп эмес. Ошондуктан салык системасынын либералдуу болгону мамлекетке да, ишкерлерге да пайдалуу.