Жаңылыктар
Акча алмаштыруу жайы тонолду
Кылмыш
Акча алмаштыруу жайы тонолду

Бишкек шаарына жакын жердеги Ленин айылында акча алмаштыруу жайы ишемби күнү таңга маал тонолду. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышкерлерди издөө аракеттери көрүлүүдө.

Бетине бет кап кийип, колуна курал көтөргөн кылмышкерлерди буга чейин кино тасмалардан гана көрүп жүргөн болсок, эми мындай үрөй учурган окуя Бишкектин четиндеги Ленин районундагы дал ушул акча алмаштыруу жайынан катталды. Жулунуп кеткен темир тор кайрадан орнотулуп, учурда ремонт иштери жүрүп жаткан экен. Ал эми бул жайдын ээси “маанайым жок” деген жүйөө менен толугураак маалымат берүүдөн баш тартты.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, уурдалган каражаттын суммасы болжол менен 340 000 сом жана 2 миллион теңгеден ашат. Болжолдуу маалыматтарга караганда, тоногон адамдар бет кап менен кийип бул ишке жакшылап даярданганы менен, шашпай чачылган акчаны чогултуп жатканынан бул акча алмаштыруу жайына көп эле келип кетип жүргөн жарандар экени көрүнүп турат.

Кылмышкерлер кол салган учурда акча алмаштыруучу жайдын кожоюну көкүрөк тушка жана сол колуна ок жеген. Укук коргоо органдары каракчылар кара түстөгү BMW X5 автоунаа менен окуя болгон жерден качып кеткен деп божомолдоп жатышат.