Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышты
Саясат
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, кайрылуу жасады. Анда өлкө башчысы Кыргызстанда бир топ алгылыктуу иштер жасалып жатканын айтып, бирок ошол эле учурда алдыда жасала турган иштер дагы арбын экенин жана экономиканы өнүктүрө турган тармактары талапка ылайык деңгээлге көтөрүлө албай жатканын белгиледи. Ошондуктан, өзгөрүүгө муктаж тармактарда реформа жасалышы керек, -деди. Президент коррупциянын айынан көп инвестициялар башка өлкөлөргө кетип жатканын айтты.

Ушул эле жыйында Президент тышкы саясат тууралуу сөз кылды. Ал тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттары - Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо, элдин турмушун жакшыртуу, өлкөнү өнүктүрүү максаттары менен аныкталат, - деди. Өлкө башчысы ошондой эле жакынкы кошуналар менен бир туугандык жана достук мамилени чыңдоодо кыргыз жарандарынын турмушуна оң таасирин тийгизээрин кошумчалады. Орусия менен ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүү - тышкы саясаттагы өзгөрүүсүз сакталчу приоритетибиз бойдон калат, - деп кошумчалады мамлекет башчысы. 

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшкө жамынып, саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт. Муну Президент Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынындагы кайрылуусунда билдирди. Өлкө башчы ошондой эле мамлекеттин укуругу узун, эртеби-кечпи эл ырыскысын жегендер жана мамлекеттин капчыгына кол салгандар жазасын аларын кошумчалады. Муну менен катар жемкорлукка каршы күрөшүп жаткан күч түзүмдөрү өздөрү мыйзам бузуудан алыс болууга тийиш экенин айтты.