Жай мезгилинде жер-жемиштен өткөн пайдалуу азык жок экени ырас. Анткени керектүү витаминдерге бай. Алардын ичинен минералдык заттар арбыны - дарбыз. Ал арада адистер эрте бышкан коон менен дарбыздын зыяндуу экендигин эскертип жатат.
Адистер айтмакчы, жол жээктеринде сатылып жаткан дарбыздарды алуудан качуу керек. Анткени дарбыз унаалардан чыккан уулуу заттарды өзүнө бат сиңирет. Андыктан дарбызды тандоодо жабык турган жайлардан сатып алуу сунушталат. Аларды жерге төгүп салбастан, атайын товар коё турган орундарга коюп сатыш керек. Жерге ыргытылган дарбыздардын билинбеген жаракалары аркылуу чаң менен зыяндуу микроорганизмдер кириши мүмкүн.