Жаңылыктар
Кепилдик фондунун уставдык капиталы 300 миллион сомго көбөйтүлдү
Экономика
Кепилдик фондунун уставдык капиталы 300 миллион сомго көбөйтүлдү

Ишкерлер үчүн бизнесин илгерилетүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кепилдик фондунун уставдык капиталы 300 миллион сомго көбөйтүлдү. Мындай чечимди шарттаган документке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Бул каражат өзгөчө аймактарда орто жана чакан бизнесин кеңейтүүнү каалаган ишкерлерди колдоого жакшы жардам болот. Себеби ишкерчилигин илгерилетүү үчүн банктардан каражат алуу үчүн, Кепилдик фондунун жардамын алууга кайрылган бизнесмендер абдан көп.