Жаңылыктар
ДЧ-2018: 27-июндагы оюндардын жыйынтыгы
Спорт
ДЧ-2018: 27-июндагы оюндардын жыйынтыгы

Германия 0-2 Түштүк Корея. Футбол боюнча F тайпасындагы Германия-Түштүк Корея курамасына 2:0 эсебинде жеңилди. Бул оюн “Казань Арена” стадионунда орун алып, немис курамасы мелдештен четтеп калды. Голдорду Ким Юнь Квон жана Сон Хын Мин киргизди. Жалпы 3 оюнда Германия курамасы болгону 1 жеңишке гана жетти. Тайпадан 4-орун менен мелдештин кийинки бөлүгүнө өтпөй калды. Ал эми Түштүк Корея немистерди бир орунга артка таштап, 3-сапка көтөрүлду. Бирок алар да мелдештен четтешти.Швеция 3-0 Мексика. F тайпасында орун алган экинчи оюн күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Анткени Швеция-Мексикага жеңилгенде, тайпадан Германия чыкмак. Бирок шведдер атаандашын 3:0 ири эсебинде утушту. Мексика командасы, бул оюнга экинчи курамын чыгаруу менен, тайпадан учуп кетүү коркунучуна кептелди. Эгер Германия-Түштүк Кореяны утканда, Мексика мелдештен четтеп калмак. Голдорду Мексиканын дарбазасына, Людвиг Аугустинсон, Андреас Гранквист жана Эдсон Альварес киргизди.  Ошентип F тайпасынан Швеция биринчи, Мексика экинчи орун менен плей-офф баскычына чыкты.Бразилия 2:0 Сербия. Е тайпасында жайгашкан Бразилия курамасы Сербияны 2:0 эсебинде утту. Бул беттеш жогорку чыңалууда өтүп, бир топ эреже бузуу менен коштолду. Сербтер Бразилияны жеңгенде, мелдештин кийинки этабына өтүүгө жолдомо алышмак. Бирок сербиялыктардын, атаандашын утууга дарамети жеткен жок. 36-мүнөттө Паулиньо коргоочуну алдап өтүп, гол киргизди. Ал эми 68-мүнөттө, бурчтан көтөрүлгөн топту Тьяго Сильва башы менен сүзүп, сербиялыктардын дарбазасына экинчи голду киргизди. Е тайпасында Бразилия курамасы 7 упай топтоп, биринчи орун менен тайпадан чыгышты. Ал эми Сербия командасы мелдештен четтеп, үйүнө кетти.Коста-Рика 2-2 Швейцария. Е тайпасынын акыркы беттеши Коста-Рика-Швейцария курамаларынын ортосунда болду. Эки команданын күчү бирдей болуп, чабуулдарга бай болду. 31-мүнөттө швейцариялык оюнчу Блерим Джемаили атаандашынын дарбазсына гол киргизди. Ага жооп иретинде, Коста-Рика тараптан Кендаль Уостон 56-мүнөттө гол жаратып,  эсепти теңеп кетти. Оюндун калган бөлүгү курч мүнөздө өттү. 88-мүнөттө Йосип Дрмич Швейцария курамасын алдыга чыгарып, гол киргизди. Бирок Коста-Рика курамасы жеңилүүнү туура көрбөй, акыркы секундаларда гол жарата алышты. Аны Ян Зоммер ишке ашырды. Ошентип 2:2 эсебинде беттеш жыйнтыкталды. Бирок тайпадан экинчи орун менен Швейцария курамасы чыкты.