Жаңылыктар
Жалал-Абадда 5 жаштагы кыз каналдагы сууга агып кетти
Кырсык
Жалал-Абадда 5 жаштагы кыз каналдагы сууга агып кетти

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Кызыл-Туу айылында 5 жаштагы кыз каналдагы сууга агып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, 2013-жылы туулган кыз атасы менен тойго барып, каналдын жээгинде ойноп жатканда сууга түшүп агып кеткен. 

Окуя кечээ, 27-июнда саат 15:30дар чамасында болгон. Куткаруучулар кыздын денесин издеп жатышат.