Жаңылыктар
Бак-дарактардын коопсуздугу текшерилет
Кыргызстан жаңылыктары
Бак-дарактардын коопсуздугу текшерилет

Ордо калаада бак кулап, натыйжада бир адам каза болду.

Буга байланыштуу Бишкектеги бак-дарактардын бардыгы адистер тарабынан текшериле турган болду. Шаардык мэриядан кабарлагандай, кечээ кечки саат 7лер чамасында Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде бак кулап, эки унааны басып калган. Натыйжада, бир адам каза болду. Бул маселе боюнча шаар мэри Албек Ибраимов чукул жыйын өткөрүп, каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Эми бул кырсыктын себебин шаардык мэриянын тиешелүү кызматтары, өзгөчө кырдаалдар министрлиги, айлана чөйрөнү коргоо боюнча Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча аймактык башкармалыктын жана экотехинспекциясынын өкүлдөрүнөн турган комиссия аныктайт.

Маалымдалгандай, бүгүнтөн тарта шаардагы бак-дарактардын абалы жана коопсуздук маселесин карап чыгуу мэриянын жеке көзөмөлүнө алынды.