Жаңылыктар
Парламентте Жогорку соттун судьялары шайланды
Саясат
Парламентте Жогорку соттун судьялары шайланды

Чынара Садырова менен Аскат Сыдыков Жогорку Соттун судьялыгына шайланды. 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку соттун судьяларын шайлоо жөнүндө маселе каралып, Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталган талапкерлер боюнча КР Президентинин сунуштамасы менен тааныштырды. 

Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Чынара Садырова 100 добуш менен Аскат Сыдыков 95 добуш менен Жогорку Соттун судьясы болуп шайланышты. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин, Жогорку Соттун судьялары Чынара Садырова менен Аскат Сыдыков ант беришти.