Жаңылыктар
Сокулукта катуу сабалган эгиз кыздардын энеси арыз жазуудан баш тартты
Кылмыш
Сокулукта катуу сабалган эгиз кыздардын энеси арыз жазуудан баш тартты

Өгөй атасы тарабынан сабалган эгиз кыздардын энеси арыз жазуудан баш тартты. Бул окуя Сокулукта болгон. 26-июнда аймактык инспекторго жергиликтүү тургундардан арыз түшүп, эркек киши жашы жете элек кыздарды сабап жатканын айтышкан. Кыздар милиция кызматкерлери тарабынан ооруканага жаткырылган. 

Ал эми алардын энеси арыз жазуудан баш тарткандыктан милицияга социалдык кызматкерлер кайрылган. Алар балдарды коргоо үчүн ата-энеден кийинки эле мыйзамдуу өкүлдөр болуп саналат. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кыйноо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Шектүү катары кыздардын 35 жаштагы өгөй атасы кармалды. Милиция аталган үй-бүлөдө кыздар буга чейин да зомбулукка кабылганын же кабылбаганын териштирип жатат.