Жаңылыктар
Бишкек: мыйзамсыз курулуштар, жер тилкесин чоңойтуп алгандар көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: мыйзамсыз курулуштар, жер тилкесин чоңойтуп алгандар көбөйдү

Жеке турак-жай курулуш департаменти курулуш сезону ачылганына байланыштуу, бардык жарандарга кайрылуу жасады. Анткени акыркы жылдары Бишкек шаарында жүрүп жаткан курулуштарда мыйзамсыз жер басып алуулар жана жер тилкесин өзүм билемдик менен чоңойтуп алган фактылар көбөйүүдө. 

Былтыр бул боюнча 26 факт катталып, 6 кылмыш иши козголгон. Мындай башаламандыктарды алдын алуу максатында, учурда түшүндүрүү иштери болуп жатат. 

Мисалы жер тилкесин кеңейтип алган учурлар көбүнчө жаңы конуштарда катталып, жер аянтынын ичине электр карагайлары кирип калган учурлар же машина өтө турган жолдун аймагына чейин там салып алган учурлар бар. 

Айрым жарандарда салып алган үйлөрү тууралуу эч кандай документи жок. Андыктан турак жай департаменти там салаардан мурда, анын документин тиешелүү мамлекеттик структуралар аркылуу мыйзамга ылайык тууралап алууну эскертүүдө.