Жаңылыктар
Экологиялык таза азыктар жана сапаттуу тигилген кийимдер экспорт үчүн
Экономика
Экологиялык таза азыктар жана сапаттуу тигилген кийимдер экспорт үчүн

Былтыр Кыргызстан чет жакка 1 миллиард 800 миллион доллар наркындагы продукт сатты. Мүмкүнчүлүктөр дагы да кеңейүүдө. Кыргызстан дүйнөлүк базарга эмне сунуштай алат жана кайсыл тармакта өрүштөр бар?

Адистердин айтымында, бул жаңы жабдыктар өндүрүштү 4 эсеге чейин көбөйтөт. Сапатты да жакшыртат. Кыргызстанда тигилген кийимдердин басымдуу бөлүгү буга чейин Орусия жана Казакстанга сатылып келсе, эми Европа өлкөлөрүнөн да тапшырыктар түшүүдө. 

Кыргызстандык кийим тигүүчү ишканалардын мүмкүнчүлүктөрү артууда. “Технологиялар, инвестициялар жана мүмкүнчүлүктөр” аталышындагы атайын форумда 20дан ашык Европа менен Орусиянын кийим тигүүчү ишканаларынын өкүлдөрү Кыргызстандын адистери менен жолугушту. Тажрыйба алмашуу жогорку дегээлде өттү. 

Негизи, Кыргызстанга жакшы киреше алып келүүчү 3 тармак бар. Алар:
Кирешелүү тармак - бул алтын өндүрүшү. Кыргыз алтыны Улуу Британия жана Швейцарияга экспорттолот.
Экинчи орунда айыл чарба азыктары турат. Былтыр чет жакка 230 миллион доллар нарктагы мөмө-жемиш сатылган.
Үчүнчү орунда - жеңил өнөр жайы. Бул тармак былтыр Кыргызстанга 220 миллион доллар киреше алып келген. Анын 50 миллиону бут кийимден түшкөн.

Жалпылап айтканда, 2017-жылы экспорттун көлөмү 1 миллиард 800 миллион долларды түздү. 

Чет өлкөлүктөр Кыргызстандын төө буурчагын сүйүп жешет. Жылына 50-70 миң тоннага чейин сатылып, андан 50 миллион долларга чейин киреше түшөт. Дүйнөлүк рынокто кыргыз балына да талап жогору. Жаңгак да өтүмдүү. Европага продуктылар “Жеңилдиктердин жалпы схемасы” программасы менен бажы төлөмүсүз чыгат. 

Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциянын экологиялык жактан таза болушу, дүйнөлүк базарды кызыктырат. Акыркы учурларда Кытай өлкөсүнүн кыргызстандык өндүрүшкө болгон кызыгуусу артууда. Кошуна мамлекетке азыр кургатылган мөмө-жемиш жана кийим-кече экспорттолуп баштады.