Жаңылыктар
Инвестициялык климатты жакшыртуу
Экономика
Инвестициялык климатты жакшыртуу

Дегеле өлкөгө инвестиция тартуунун жолдорун жөнөкөйлөштүрүү, бизнес чөйрөнүн иш алып баруусуна кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү мамлекеттин алдында турган негизги милдеттеринен. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков парламентте жасаган кайрылуусунда да айтты. Ишкерлер үчүн эң маанилүүсү бийлик органдарынын ачыктыгы жана акыйкат сот системасы. Мындай шартта алар өлкөгө инвестиция тартууга даяр экендигин билдиришти.

Кыргызстанда ишкерлик менен алектенүүнү каалаган же инвестиция тартууну эп көргөн ишкерлер эң биринчи кайсы көйгөйгө кабыларын жакындан билишет. Мамлекеттик мекемелер бизнес чөйрөгө бут тоскон жагдайларды бирден санап берүүгө даяр. 

Бул көйгөй президент Сооронбай Жээнбековдун коомчулукка жасалган кайрылуусунда камтылган. Мамлекет башчысы акыркы жылдары өлкөгө тартылган инвестициянын көлөмү азайганын коррупция менен байланыштырат. Айтымында, паракорчулуктун айынын көп инвестициялар башка өлкөлөргө бурулуп кетти. 

Президент белгилегендей, өлкөдө инвестицияларды тартуу үчүн мыйзам жагынан жакшы нормалар жазылып, керектүү укуктук база түзүлгөн. Мыйзамдар кынтыксыз экенин адистер да танышпайт. Бирок, көйгөй анын аткарылбай жатканында. 

Орто жана чакан бизнес Кыргызстанда өнүгүп келе жаткан тармактардын бири. Бирок, чечилбеген маселелер дагы деле көп. Салык мыйзамдарын либералдаштыруу, бюрократиялык көрүнүштөрдү жоюу, укук коргоо органдарынын кайра-кайра текшерүүсүн токтотуу негизги максаттардан. Мындан сырткары инвесторлорго сапаттуу товар сунуштоо керек дешет адистер. 

Президент тарабынан бардык багыттар, ишкер чөйрө кабылып келе жаткан көйгөйлөр аныкталып, эми терс көрүнүштөрдү жоюу гана калды. Ал эми ишкерлерге коррупциялык көрүнүштөр аркылуу бут тоскондорго катуу чара көрүлөрү эскертилди.