Жаңылыктар
Экономиканы өргө тартуу
Экономика
Экономиканы өргө тартуу

Кыргызстанда өндүрүлгөн продукция экологиялык жактан таза болгондуктан, кыргыз жергесине келүүгө ниеттенген инвесторлор дагы жок эмес. Ошондуктан, өкмөт Кыргызстанды жакынкы келечекте бизнес үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн 50 мамлекеттин катарына киргизүүнү мерчемдеди. Азыр иштиктүү аракеттер башталды. Экономиканы өргө тартуучу кадамдар, тикелей инвестиция тартуу, инвесторлорго дагы кандай жагымдуу шарттарды түзүүгө болот деген маселенин тегерегинде ишкерлер, депутаттар менен өкмөт өкүлдөрү, өкмөттүн алдындагы ишкерликти өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңешмеге чогулушту.

Премьер-министр үчүн максат - экономиканы көтөрүү. Ал үчүн ишкерлерге жагымдуу шарт түзүп, инвестиция тартууну көздөгөн ишкерликти өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңешменин иши жат эмес. Буга чейин өкмөт башчы алты жыл кеңешмеде мүчө болгон. Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн программасында да экономиканы өргө тартуу боюнча максаттар камтылганын белгиледи. Өзгөчө көңүл аймактарга бурулат. Жакынкы беш жылда ар бир облуска жылына эң аз дегенде 300 миллион доллар инвестиция тартылат. Премьер-министр бизнес чөйрөнү да аймактарга инвестиция тартууга чакырды. 

Ал эми жалпылап алганда жакынкы келечекте өкмөт Кыргызстанды инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзө алган 50 мамлекеттин катарына кошкону турат. Ошол эле учурда инвесторлорго ыңгайлуу иш алып барууга бардык шарттар бар. Ошентсе да өкмөт экспортоо, импорттоодо зарыл болгон эл аралык талаптарга шайкеш келе турган салык жол-жоболорун фискалдаштыруу сыяктуу мыйзамдарды иштеп чыгууда. Муну менен катар коррупцияны ооздуктай турган документтерди жүгүртүүнү толук электрондук түргө өтүүсүн шарттаган “Түндүк” программасы ишке ашырылат. 

Инвестиция тартууга Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аянтчасын колдонуу демилгеси көтөрүлдү. Ишкерлердин пикиринде эл аралык уюмдарга, донорлор менен бизнесмендерге өлкөнүн ар кыл тармактагы дарамети тууралуу маалымат берүүгө мыкты мүмкүнчүлүк. 

Өз кезегинде ишкерлер тарабынан коррупция, инвестиция тартуудагы майда- барат тоскоолдуктар, Айти адистерди даярдай турган борбор ачуу, фискалдык органдарга маалымат берүүнү кыскартуу, курулуш жүргүзүүгө уруксат алуунун татаалдагы, мыйзам боюнча он күндүн аралыгы болгонуна карабай уруксатты күтүү эки жылга созулуп жатканы өңдүү маанилүү сунуш-пикирлер менен демилгелер берилди. Өкмөт башчы курулуш экономиканын алдыга сүрөй турган тармак экенин белгилеп маселе чечилээрин айтты.