Жаңылыктар
ДЧ-2018: 28-июндагы оюндардын жыйынтыгы
Спорт
ДЧ-2018: 28-июндагы оюндардын жыйынтыгы

Япония 0:1 Польша. Н тайпасында жайгашкан Япония-Польша беттеши орун алды. Бул оюн «Волгоград Арена» стадионунда болду. Башкы калыстын милдетин замбиялык Женни Сиказве аркалады. Оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп саны ачылган жок. Экинчи таймдын 59-мүнөтүндө Ян Беднарек гол киргизип, Польша курамасын алдыга чыгарды. Япония командасы 1 топко утулуп жатканына карабай, тайпадан чыгуу артыкчылыгы бар болчу. Муну эске алуу менен, алар чабуулга өтпөй, өздөрүнүн жарым талаасында топко ээлик кылышып, чабуулга барган жок. Жыйынтыгында Япония Польшага утулду, бирок чемпионатта сары айып кагаздарды аз алганы үчүн мелдештин кийинки баскычына өттү. Ал эми Польша командасы футбол боюнча дүйнө чемпиондугунан четтеди.Колумбия 1-0 Сенегал. Н тайпасында дагы бир кызыктуу оюн орун алды. Колумбия-Сенегал беттеши күйөрмандардын басымы астында өтүп, футболчулар ката кетирбей так ойногонго аракет кылышты. Анткени утулган команда мелдештен четтемек.  2-таймдын 74-мүнөтүндө, Барселонанын коргоочусу Йерри Мина Сенегалдын дарбазасына гол киргизди. Оюндун калган бөлүгүндө гол жаралуучу учурлар болгону менен, эсеп саны өзгөргөн жок. Айыгышкан беттеште, Колумбия атаандашын жеңип, тайпадан 1-орун менен чыгышты. Эми алардын 1/8 финалдагы атаандашы Англия командасы болмокчу.Англия 0-1 Бельгия. Күндүн башкы беттеши G тайпасында жайгашкан Англия-Бельгия оюну болду.  Булардын кимиси жеңгенине карабай, тайпадан чыгышмак. Бирок күйөрмандардын алдында эки тарап тең мыкты оюн көргөзө алышты. Беттеште күйөрмандар көп голго күбө болушбаганы менен, сапаттуу футболду көрө алышты. 51-мүнөттө Юри Тилемандын узаткан тобун Аднан Янузай дарбазага киргизе алды. Аларды Англиянын коргоочулары токтото алышкан жок. Оюн жогорку темпте өтүп, эки тарап тең коргонууда мыкты болушту. Калган мүнөттөрдө гол катталган жок. Ошентип Бельгия-Англияны 1:0 эсебинде утуп алды. 1/8 финалда Бельгия-Япония, Англия-Колумбия менен беттешет.

Панама 1:2 Тунис. G тайпасында жайгашкан Панама 1:2 эсебинде Туниске утулуп калды. 33-мүнөттө Панаманын оюнчусу Яссин Мерия өзүнүн дарбазасына гол киргизип, автоголду жараттаы. 2-таймда Фахреддин Бен Юссеф эсепти теңеп, Панама курамасын алдыга сүрөдү. Бирок анын голу жеңишке жеткенге жардам бере алган.  66-мүнөттө Вахби Хазри 2-голду киргизди. Бул жеңиш Тунистин тайпадан чыкканга жардам бере алган жок. Анткени булардын тобунан Англия жана Бельгия курамалары жетиштүү упай топтоп, плей-офф баскычына чыгышкан.