Жаңылыктар
Президент Сооранбай Жээнбеков JICA президенти менен жолугушту
Саясат
Президент Сооранбай Жээнбеков JICA президенти менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Япон эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин президенти Шиничи Китаока менен жолугушту. Мамлекет башчысы Кыргызстандын JICA менен болгон кызматташтыгынын 25 жылдыгын куттуктап, кызматташуу мындан да жогорку деңгээлге көтөрүлүшүнө тилектештигин билдирди. Тараптар Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы ишенимдүү мамилелерди жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү канааттануу менен белгилешти. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн баштап кызматташуунун бардык тармактарында достук мамилелер орногонун белгиледи. “Япония Кыргызстан эгемендик алгандан бери колдоо көрсөтүп, экономикабыздын туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошууда. Биз Япон эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин ишмердигин жогору баалайбыз”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы. 

Ал эми Шиничи Китаока ишмердигине байланыштуу дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болгонун жана Кыргызстан ал келген 100чү өлкө экенин белгиледи. Белгилей кетсек, Шиничи Китаоканын сапарынын алкагында, JICAнын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Кадзухико Кикучи жана Кыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиевдин ортосунда алмашуу ноталарына жана “Адамдык ресурстарды өнүктүрүү үчүн стипендиялык программа” долбоорунун гранттык макулдашуусуна кол коюлат.