Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш аткарган иши тууралуу отчёт берди
Саясат
Жогорку Кеңеш аткарган иши тууралуу отчёт берди

Жогорку Кеңеш акыркы 10 айда аткарган иши тууралуу отчёт берди. Бул аралыкта 124 мыйзам кабыл алып, Президент 108 мыйзам долбооруна кол койгон.

Төраганын отчётунда эсеп-кысап көп болду. Мисалы, өткөн сессия мезгилинде 24 миңге жакын жарандын кайрылууларын караган. Каттардын 2 миңге жакынын Төрага өзү окуган. Дастанбек Жумабеков өз пикирин да билдирип өттү.

Төрага кабыл алынган жана өзгөртүүлөр киргизилген мыйзамдардын ар бирине токтолуп кетти. Мисалы, “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү Мыйзам” тууралуу айтсак.

Мындан башка дагы бир канча курч маселелерди чече турган мыйзамдар кабыл алынган. Арасында талаш-тартышты жараткандары да бар. Бул боюнча суроомду узатууга жетишип калдым. 


Парламенттин VI чакырылышынын IV сессиясы дагы кандай иштери менен эсте калды. Коомчулук эл өкүлдөрүнүн каалаган учурда жумушка келбей койгонун сынга алууда. Мурунку жумада жыйында 11 гана депутат отурган.

Чуулгандуу окуялардын чуусу дагы да уланууда. Канат Исаев “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген күнөө менен кармалса, Аскарбек Шадиевге бир канча кылмыш иши козголду. Ал эми Осмонбек Артыкбаев "Жемкорлукка" айыпталууда. 

Өткөн сессия күлкүлүү окуяларга да бай болду.

Эскерте кетсек, парламент 28-июнь күнү жайкы өргүүгө тарады.