Жаңылыктар
Июль айынын биринчи жекшембиси медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы
Ден соолук
Июль айынын биринчи жекшембиси медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Июль айынын биринчи жекшембисинде медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет. Муну утурлай Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо иш-чара өттү.

Чындыгында эле ак халатчандардын эмгек маянасы жогору эмес. Ал эми элет жериндеги абал дагы чеке жылытпайт. Билим алган жаштар аймакка баруудан оолактап, шаардан же башка өлкөдөн иш издейт. Ошентип ушул күндө айыл, район, облустук оорукана, бейтапканаларда кадр тартыштыгы курч бойдон калууда.

Бул тармакта “Жаш адистин депозити” - деген жаштарды колдогон атайын программа иштейт. Дагы бир өзгөрүү: быйылтан тарта 6 жыл билим алган бүтүрүүчү эки жыл элет жеринде элдин саламаттыгына кам көрүүгө милдеттүү. Айлык акыны көбөйтүү жолдору да каралууда.

Спартакиадага көп тармакта иштеген адистер келип күч сынашты. Майрамдын урматына карата татыктуу кызматкерлер сыйланды. Дал ушул адамдар акчасы аз, жумушу татаал экенине карабай, тандап алган кесибин чын дилинен жакшы көрүп, элге кызмат өтөп келүүдө.