Жаңылыктар
ӨКМ: өлкө аймактарында 3-4-июль күндөрү мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ: өлкө аймактарында 3-4-июль күндөрү мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт

3-4-июль күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетиши ыктымал. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши менен жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.