Жаңылыктар
ДЧ-2018: 30-июнь жана 1-июлдагы оюндардын жыйынтыгы
Спорт
ДЧ-2018: 30-июнь жана 1-июлдагы оюндардын жыйынтыгы

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 оюндары старт алды. Алгачкылардан болуп Аргентина-Франция, Уругвай-Португалия, Россия-Испания жана Хорватия-Дания беттешти. 

Франция 4:3 Аргентина. 30-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда плей-офф баскычы старт алды. "Казань Арена" стадионунда Франция-Аргентина оюну болду. Беттеште башкы калыстын милдетин ирандык Алиреза Фагани аркалады. Бул оюнда Франция курамасы Аргентинаны 4:3 эсебинде жеңип алды. 1-голду Антуан Гризманн 13-мүнөттө пенальтиден жаратып, Франция курамасын алдыга чыгарды. Аргентина тараптан Анхель Ди Мария 41-мүнөттө алыстан сокку жасап, кооз голду киргизе алды. 1- тайм тең эсепте аяктады. Оюндун 2-бөлүгүндө, Мессинин узаткан тобун Габриэль Меркадо француздардын дарбазасына багыттады. Уго Льорис топту тосо албай, Аргентина курамасын алдыга чыкканга мүмкүнчүлүк берди. Бирок, 57-мүнөттө Бенжамин Павар учуп келе жаткан топту аргентиналыктардын дарбазасына жерге түшүрбөй тээп, эсепти теңеп кетти. Арадан 7 мүнөт өткөн соң, франциялык чабуулчу Килиан Мбаппе каршы чабуулда коргоочулардан ашып өтүп гол киргизди. 68-мүнөттө Мбаппе экинчи голын жаратуу менен курамасынын жеңишин бекемдеди. 90-мүнөттө болсо Лионель Мессинин узаткан тобун Серхио Агуэра башы менен сүзүп Уго Льористин дарбазасына киргизе алды. Акыркы секундаларда Аргентина курамасы курч чабуул уюштуруп, аз жерден гол жаратып ала таштады. Бирок фраанцуз коргоочулар мыкты болушуп, дарбазасына топту өткөргөн жок. Ошентип калыстын ышкырыгы жаңырып, 4:3 эсебинде Франция курамасы Аргентинаны жеңди.

Уругвай 2-1 Португалия. 1/8 финалда кез келген Уругвай 2-1 эсебинде Португалияны жеңди. Оюн жогорку темпте өтүп, күйөрмандардын басымы астында болду. Жылдызы жанган Роналду курамасын кийинки баскычка чыгара алган жок. Футбол ышкыбоздору андан көптү күтүшкөн. 7-мүнөттө Барселона командасынын жылдызы, Уругвай курамасынын чабуулчусу Луис Суарес сол канаттан кирип келип, топту Эдинсон Каванини көздөй узатты. Бул топту Кавани башы менен сүзүп гол жаратып, Уругвайды алдыга чыгарды. Бирок 55-мүнөттө бурчтан тебилген топту Пепе Лима дарбаза торуна кадап, эсепти теңеди. Ал эми 62-мүнөттө Эдинсон Кавани экинчи голун киргизүү менен, мелдешке чекит койду. Ошентип 90 мүнөт аяктап, калыстын ышкырыгы жаңырды. Эми 6-июлда ¼ финалда Уругвай-Франция курамасы кез келет.Испания 1:1 Россия (3:4). 1-июлда Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычындагы беттештер уланды. Анда Москва шаарынын "Лужники" стадионунда Испания курамасын Россия утуп алды. Оюндун баштапкы мүнөтүндө, Сергей Игнашевич өзүнүн дарбазасына гол киргизип, автогол жаратты. Бирок 41-мүнөттө бурчтан көтөрүлгөн топко испандардын коргоочусу Пикенин колу тийип, пенальти берилди. Аны Артем Дзюба ишке ашырып, эсепти теңеди. Оюндун калга бөлүгүндө гол катталган жок. Пенальти сериясынын жыйынтыгы менен Россия курамасы жеңишке жетти.

Хорватия 1-1 Дания (3:2). 1/8 финалда Хорватия-Дания беттеши болду. Булардын оюнунда баштапкы эле мүнөттөрдө бири-биринин дарбазасына гол киргизип, эсеп 1:1 бойдон калды. Голдорду Матиас Йоргенсен жана Марио Маджукич киргизди. Негизги убакыт соңуна чыгып, пенальти орун алды. Мында 3:2 эсебинде хорваттар утуп кетти. Эми ¼ финалда Россия-Хорватия беттеши болмокчу.