Жаңылыктар
Унааларды кайра каттоонун жеңилдетилген шарты бүгүн аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Унааларды кайра каттоонун жеңилдетилген шарты бүгүн аяктайт

Транспорт каражаттарын жеңилдетилген шартта кайра каттоо бүгүн 2-июлда жыйынтыкталат. Мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү билдиргендей, бардык райондордо транспортту кайра каттоо бөлүмдөрү бүгүн кечки саат онго чейин иштейт.

Эми Кыргыз Республикасынын 26-июнунда чыккан токтомуна ылайык жылдын аягына чейин кайра каттоодо 3 пайыз жеңилдик болот.  

Маалыматка караганда, өлкө боюнча 1миллион 200миңге жакын автомашина каттоодо турат. Бирок канча жаран ишеним каттын негизинде айдап жүрөт белгисиз.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гулнура Сманбекова, "Биринчи радио"